“Азербайжан аба жолдору” Баку – Бишкек түз аба каттамын ачууну пландоодо 

 Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов “Азербайжан аба жолдору” ЖАКтын президенти Самир Рзаев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттук ташуучулардын ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана учурда иштеп жаткан Бишкек  Баку  Бишкек чартердик авиакаттамын натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшүү максатында авиаташуулар чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Кыргызстандын авиаташуучулары жана туристтик агенттери менен AZALдын ортосундагы авиаташуулар жана туризм жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстандын транзиттик потенциалын эске алуу менен каттамдардын жыштыгын көбөйтүү, жана жаңы багыттарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Элчи экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн эки өлкөнүн ортосундагы аба байланыштарын чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Самир Рзаев, AZAL активдүү кызматташууга жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди, ошондой эле кийинки жумада AZALдын делегациясы Кыргызстанга келип, Бишкек менен Бакунун ортосунда Азербайжандын мамлекеттик авиаташуучусу “Азербайжан аба жолдору” ЖАК аркылуу туруктуу иштөө үчүн түз аба каттамын ачуу маселелерин иштеп чыгарын билдирди.