
Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.
“Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”, – деп айтылат маалыматта.