Бишкекте чагылган тийип каза болгон бала 15 жашта  болгон

Каргашалуу окуя кечээ кечке маал катталган. Ленин райондук милициянын маалыматы боюнча, өспүрүмдү Тез жардам кызматы ипподромго жакын жердеги ооруканага алып барган. Тилекке каршы, бала ооруканадан үзүлгөн.

Ишенимдүү булактардын айтымында, көз жумган өспүрүм ат таптаган саяпкердин уулу болгон.

Бишкек мэриясы ипподромду пайдаланганга болбойт деген талаптарга карабай айрым адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишкенин билдирди.