
Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек – Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 31-октябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.