Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери уланууда

Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 2 капиталдык кире бериш топ, 7 кошумча курулуш, 2 жеңил объект демонтаждалган.

Ошондой эле 65 жарнама конструкциясы алынып, көрнөк-жарнак конструкцияларын орнотуу жана муниципалдык жерди уруксатсыз пайдалануу эрежелери бузулгандыгы үчүн 4 протокол түзүлдү.