Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бакай-Ата РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Бактыбек Сарыбаев   өздүк курам жана көчмө кабылдама менен биргеликте райондун айыл аймактарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын аткаруу максатында ” Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Жарандарга жеринен  юридикалык кеңештер берилди.  Кандай гана  кырдаал болбосун аймактык тескөөчүлөргө же 102 кызматына кайрылса болоорун эскертишти. Бул иш-чара областтын бардык милиция бөлүмдөрүнө жана аймактарда түшүндүрүү иштерин улантууда.