Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарында унаа уурдоого байланыштуу бир катар кылмыштардын бети ачылды. Алардын бири 20-августтан 21-августка караган түнү орун алган. Белгисиз жарандар 25 жаштагы жергиликтүү тургундун короосуна киришип, ага тиешелүү болгон “ВАЗ-2109” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кетишкен. Көп өтпөй, Балыкчы шаарынын 28 жаштагы тургунуна таандык “БМВ” үлгүсүндөгү автоунааны да, белгисиз жарандар уурдап кетишкен.

fd9898a7 7542 4447 9eab 633688ce0190 Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды

Эки факты тең Балыкчы ШИИБинин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иштери козголгон.

f805b20d 80ab 41b1 8545 3848f20e019c Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды

Балыкчы шаарынын милиционерлери бир нече күн бою кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди жүргүзүштү. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Чолпон-Ата шаарынан шектүү жаран изделип табылып, колго түшүрүлдү. Кармалган шектүү жаран мурда бир нече жолу соттолгон Талас облусунун тургуну 44 жаштагы М.С. болуп чыкты. Далил зат катары уурдалган автоунаалар алынды.

68122968 2e06 4b99 9a50 5e51022f0a5d Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды

Алдын ала суракта кармалган шектүү жаран жасаган кылмыштары боюнча күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөнү берди. Ошондой эле кармалган шектүү жаран 31 жаштагы С.В. аттуу шериги менен автоунааларды айдап качкандыгы аныкталган. Балыкчы ШИИБи тарабынан автоунааларды айдап качууга шектелип, экинчи шектүү жаран издөөгө жарыяланган.

b10507ea 129f 4b76 b4eb 8e9a3695819d dFNH1er Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды

Соттун чечими менен кармалган шектүү жаранга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.  
Учурда Балыкчы ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан шектүүлөрдүн башка ушундай эле кылмыштарга тиешеси бар, же жогун текшерүүдө. Анткени, тергөөнүн жүрүшүндө республиканын башка региондорунан уурдалган деп болжолдонгон кошумча 3 автоунаа табылып алынган.

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмү жарандардан, аталган шектүүлөрдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандарды, ошондой эле издөөдө жүргөн С.Внын кайда жүргөнүн билгендерди шаардык милиция бөлүмүнө кайрылууну же 03944-3-27-01, 0509-24-24-44, “102” телефондоруна чалууну өтүнөт.

f805b20d 80ab 41b1 8545 3848f20e019c Балыкчы шаарынан эки автоунааны уурдаган жаран кармалды