
Бүгүн, 21-августта түштөн кийин Стамбулдагы «Эрол Олчок» маданий борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы билдирди.
“Окуя болгон жерге көп сандагы өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.
Жарыяланган кадрлардан көрүнүп тургандай, өрт имараттын бир нече кабатын каптаган. Өрттөн чыккан түтүн эпицентрден жүздөгөн метр алыстыкта көрүнүп турат.
Өрттүн коңшу имараттарга жайылып кетүү коркунучу бар.