
Бишкекке бүгүн, 13-августта Кытайдан газ менен жүрүүчү 25 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, дагы 25 автобус чек арадан өтүп жатат. Жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат.
Макулдашылган графикке ылайык, жыл аягына чейин Бишкекке дагы 450 жүргүнчү ташыган автобус келет. Калган 500ү келерки жылдын биринчи кварталында жеткирилет.