
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына О.С. аттуу жаран “Айыл чарба министрлигине караштуу жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын” жетекчилигине, ошондой эле жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын башчысы М.Ш. жана башкалар “көп өлчөмдөгү айып салам деп коркутуп-үркүтүү жолу жана опузалоо менен, маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатат”, – деп, чара көрүп берүүнү суранып кайрылган.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери опузалап пара алуу боюнча кылмыш иши козголгон.
“2023-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Раззаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен, Чүй-Бишкек региондор аралык жер-суу-көзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р, ошол эле министрликтин жер-суу-көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Ш. кармалышкан”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Учурда тергөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



