
Бишкектин Ленин районунун аймагындагы талапка жооп бербеген жарнамалар алынууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Д.Сяопин проспектиси боюнча мыйзамсыз орнотулган жалпы 18 даана жарнама (баннерлер, афишалар, стенддер ж.б.) алынды.
Бишкек мэриясынан бул багытта иштер уланып жаткандыгын кошумчалашты.