
Таш-Көмүр — Кара-Көл унаа жолунда унаа жардан кулап кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү, фотожурналист Влад Ушаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, кырсык 25-июлда катталган. Анын кесепетинен аял жана бала жабыркап, аларды ӨКМдин кызматкерлери алып кетишкен.
Жолдон өтүп бара жаткан адамдар жабыркагандарды алып чыгышкан.





