
Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушуна 48,5 млн сомго сейил бак курууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.
Маалыматка ылайык, объект Мурас-Ордо көчөсү 19 дарегинде жайгашкан. Тендердик суммасы 48 млн 515 миң 625 сомду түзөт.
Аянтта жайкы сахна, трибуна, балдар аянтчалары ж.б. орнотулат.