“Энергетик, насвай, электрондук тамекилер…”: Манас районундагы дүкөндөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Манас РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору Покровка айылында жайгашкан чоң жана кичине жалпы саны 20 чакты дүкөн ээлерине, жаш өспүрүмдөргө тамеки, насвай, алкоголдук ичимдиктерди, электрондук сигареттерди жана энергетикалык суусундуктарды сатпоого чакырды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымат таратты.

Тактап айтканда, бул иш-чара жаш өспүрүм балдарды сергек жашоого үндөп, зыяндуу заттардан алыстатуу жана коомдо дени сак балдарды сактап калуу максатында уюштурулду.


“Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө Кодексинин 85-беренесине ылайык жоопко тартылат жана жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч айып пул салууга алып келээрин эскертишти. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, визиттик байланыш карталары таратылды. Ошондой эле бул иш-чара областтын ар кайсы жерлеринде жана ички иштер бөлүмдөрдө уланууда”, – деп айтылат маалыматта.

1d10ad8c 52c7 4582 82f0 49c0cf8599f6 "Энергетик, насвай, электрондук тамекилер...": Манас районундагы дүкөндөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
59a5abba d724 42c6 b125 0a5d700d8249 "Энергетик, насвай, электрондук тамекилер...": Манас районундагы дүкөндөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
57e31518 8e02 482f a355 14a204487b47 "Энергетик, насвай, электрондук тамекилер...": Манас районундагы дүкөндөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү