Ошто апийим менен 50 жаштагы жаран кармалды

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы аныкталды, – деп билдиришти облустун басма сөз кызматы.


Тартип сакчыларына Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз жаран баӊги каражаттарын жанында алып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы жолдун боюнда Өзгөн районунун тургуну 50 жаштагы Г.Н. кармалган.
Шектүү кармалган учурда анын жанында болгон баштыктын ичинде таңгакталган өзгөчө жыты бар зат алынган.
Кармалган жаранга кароо жүргүзүлгөндө үстүндөгү кийип турган спорттук шымынын чөнтөгүнөн тамекинин фалигасына оролгон зат алынган. Алынган заттарга тергөө кызматы тарабынан соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 0,78 граммды түзгөн “гашиш” жана 1 кг. 790,42 граммды түзгөн “апийим” баӊгизаттары экендиги аныкталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, салмагы 22,5гр. болгон өзгөчө жыты бар баңгизатына окшогон зат алынды.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

3cfeff1b 6f2f 4b68 bc93 6d9e47a32086 Ошто апийим менен 50 жаштагы жаран кармалды
a44b13a3 da8d 47e9 93e1 8b1b4f6e0cdc Ошто апийим менен 50 жаштагы жаран кармалды
33569a4a 54d0 4be9 ae6e 24df23e8bf47 Ошто апийим менен 50 жаштагы жаран кармалды