ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды

Бул тууралуу ИИМ маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлдү.


Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ИИМдин БМЖКККнын, ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 2001-жылы туулган С.И. таандык «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү учурунда унаанын арткы отургучунун астындагы жашыруун жайдан болжол менен салмагы 6 кг 111 граммды түзгөн 24 даана таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган.
Экспертизанын жыйынтыгында жогоруда алынган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.


Тергөөнүн жүрүшүндө 2001-жылы туулган С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени белгилүү болуп, ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталган. Бул баңги синдикатынын катышуучулары баңгизатты интернет аркылуу сатышкан. Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетин ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда шектүү катары кармалган жаран С.И. менен башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн.
Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.


Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин БМЖККК жарандарга эскертет, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Баңгизат табылган учурда 102, 0312660616, 0312660244 телефон номурлары аркылуу кабарлаңыз.

9ef8fd2c d586 4809 9f17 ce1a3202d07d ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды
63fea4cc f566 4488 96c0 a0cb436b6c37 ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды
e91a8608 822a 4217 a997 3ae7c74941ba ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды
400b578c d81d 4862 b3e2 5f026f612370 ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды


340bbcfa 757b 4f5a bfc2 f9d4ee0d19a6 ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды
40041e66 9a5b 4156 984e 06c1eb96e5d8 ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды
df8c9edf 9b95 411a b395 c05174b95675 ИИМ: Эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 кг ашык мефедрон менен кармалды