Көрүнүктүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Асейин Аракеев Асейин 29-июнда дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аракеев Асейин Абдраманович 1948-жылдын 3-июнунда Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылында туулган.
Ал көрүнүктүү окумуштуу, саясий-коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги;
• Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
• “Кыргызстан – Араб өлкөлөрү менен достугу” коомунун президенти;
• Кыргыз Республикасынын эл аралык соода жана маркетинг ассоциациясынын президенти;
• Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын коммуникациялар, транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы;
• “Теңир Тоо – Нарын Ынтымагы” коомдук бирикмесинин президентти кызматтарын аркалаган.
• “Кыргызстан – Кытай достугу” коомунун төрагасы;
• Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары;
• Учурунда «Монолдор» коомун төрагасы катары коомду түптөө жана уюштуруу боюнча зор иштерди турмушка ашырган.
Аракеев Асейин Абдрамановичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
А.Эргешов, А.Сапаров, Э.Садыкова, Ж.Беккелдиев, Б.Дүйшөналиев, А.Аттокур уулу, С.Асаналиев, К.Атажанов, Н.Мадимаров.