Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери туристтик мезгили башталганына байланыштуу эс алуу жайларынын жана агын суулар текшерүү иштери жүргүзүлүүдө, – деп билдирди Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, көчмө кабылдама менен биргеликте жарандарга юридикалык кеңештер берилип, райондун айыл аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, кооптуу ири каналдар жана көлмөлөрдө эскертүү белгилерин орнотушкан. Суу кырсыгын алдын алуу максатында ата-энелерге жана айыл тургундарына балдарын кароосуз калтырбоого чакырды.