Улан Ниязбеков: ротациянын милдеттерин аткарбаган жетекчилер кызмат ордуларынан бошотулат

2023-жылдын 19-июнунда ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Кеңешмеде Улан Ниязбеков элдин коопсуздугун жакшыртуу боюнча бир катар алгылыктуу иш-чараларды, тактап айтканда жаңы функциялар менен элди тейлеп, сапаттуу иш алып баруу тартибин түзүп, анын алкагында ишмердикти улантып, заманбап санарип тутуму аркылуу кылмыштуулукка каршы күрөшүп, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча бир катар мыйзамдарды, ченемдик актыларды иш жүзүнө ашырып, көйгөйлөр чечилип жатканын баса белигледи. Андан сырткары, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жер-жердеги ички иштер органдарына бир катар жагымдуу жагдайларды түзүп, заманбап санариптик технологияларды ишке киргенин билдирди.


“Милициянын деңгээлин эл аралык стандартка жеткирип, элдин ишенимин жогорулатып, жаңы багыттар менен иштөөгө толугу менен өтмөйүнчө, бардык тараптан өнүгүү иш-чараларын мындан ары уланта беребиз. Бирок, жасап жаткан аракеттерге жардам бергендин ордуна, түздөн-түз милдеттерин аткарбаган жана аткарууга чамасы жетпеген айрым жетекчилер араңыздарда бар. Кайсы гана жетекчи болбосун, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарууга милдеттүү жана өз ишине жараша жоопкерчилиги каралып, сөзсүз түрдө баа берилет. Бул талапты – айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, бардык жетекчилер менен жооптуу кызматкерлерге жеткирип коюңуздар.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 13-июнь күнү Президеттин төрагалыгы алдында Куралдуу күчтөрдүн өнүгүүсү жана алдыга коюлган милдеттерин аткаруусу боюнча Коопсуздук кеңешинин отуруму болуп өттү. Отурумда укук коргоо органдарынын ишмердигин чыңдоо, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу багыттары каралып, тиешелүү ташырмалар берилди. Анын ичинде, чек-ара аймактарына жакын жерлерде кызмат өтөгөн ички иштер органдарын тиешелүү курал-жарактар, атайын техникалык каражаттар менен камсыздоо, кызматкерлерди ар түрдүү күтүүсүз учурларга даярдоо боюнча окутуу-машыгууларды өткөрүү жөнүндө кошумча тапшырмалар айтылды. Андан тышкары, ички иштер органдарынын катарын таза эмес кызматкерлерден арылтуу, кадр саясатын бекемдөө, ишмердикти күчөтүп, элге ак дилден кызмат кылган, моралдык адеп-ахлактык нормаларды туу туткан кесипкөй кызматкерлерди даярдоо зарылдыгы белгиленди”,-деди өз сөзүндө ИИМ башчысы.
Улан Ниязбеков ротация ишмердигин токтоосуз улантып, ишмердикти андан ары чыңдоо зарылдыгы тапшырылганын айтып, баарына белгилүү болгондой, ротация ишмердиги белгиленген тартипте улантылып жатканын билдирди.
“Ачыгын айтканда, “жаңы ротация болдум, эч нерсеге жооп бербейм” деген позицияга өтүп алган жетекчилер бар. Андыктан, ротациянын түпкү негизин дагы бир жолу баарыңыздарга так жеткирип өтсөм.
Ротация эки милдетти аткарат: Биринчи милдети – ар бир жетекчи өздүк курамга ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, элдин маселесин жеринде чечип, сервистик тейлөөнү өркүндөтүп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жана калктын коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу болуп эсептелет.
Экинчи милдети – заманбап санарип технологияларды ишке киргизүү, жооптуу болгон региондо коопсуз аймак шарттарын түзүү, өздүк курам арасында таалим-тарбияны чыңдоо, таза эмес кызматкерлерден арылуу, жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, элдин ишенимин жогорулатуу болуп эсептелет.
Ушул эки багытты өз убагында так аткарган жетекчилерге сыйлыктар берилет, бирок ишин жөндөй албаган жетекчилер жаңы дайындалганына карабастан ээлеген кызматтарынан бошотулат. Ротациянын башкы принциптери ушундай жана бул талапты эсиңиздерге бекем сактап алыңыздар”,-деп ички иштер министри ротация маселеси боюнча сөзүн жыйынтыктады.
Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

70edad5e a859 49dc 97e0 b944d8836808 Улан Ниязбеков: ротациянын милдеттерин аткарбаган жетекчилер кызмат ордуларынан бошотулат