Ду Дэвэнь айым Улан Ниязбековго эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды

2023-жылдын 19-июнь күнү Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу болуп өткөнүн ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбеков Ду Дэвэнь айымга иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Элчилигине министрликтин жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө, жарандардын коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтып, бул өз кезегинде калктын милицияга карата коопсуздукту камсыздоо жана ишеним сезимин калыптандырууга өбөлгө түзөөрүн билдирген.
“Жолугушуунун жүрүшүндө Ду Дэвэнь айым Кытай Эл Республикасыны Коомдук коопсуздук министринин атынан Улан Ниязбековго 2023-жылдын 19-сентябрынан 21-сентябрына чейин Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өтө турган глобалдык коомдук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды.
Өз кезегинде Улан Ниязбеков Элчи айымга чакыруу кагазын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушуу жылуу, достук маанайда, өз ара түшүнүшүү рухунда жана конструктивдүү маанайда өттү”, – деп айтылат маалыматта.

e8897295 de52 4720 b879 6f1773d0f367 Ду Дэвэнь айым Улан Ниязбековго эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды
2925e2f9 6680 4171 8f3a 927aa79167ab Ду Дэвэнь айым Улан Ниязбековго эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды