Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасында “Санариптик Кыргызстан 2019–2023” санариптик трансформациялоо концепциясын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча “Жол картасын” жүзөгө ашыруунун алкагында санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы активдүү өнүктүрүү, ошондой эле бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, биринчи кезекте мамлекеттик башкарууга заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү боюнча комплекстүү чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда санариптик трансформациялоонун учурдагы абалынын проблемалары болуп реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын жетишсиздиги жана мамлекеттик башкарууну жана социалдык-экономикалык чөйрөнү санариптик трансформациялоо процесстерин натыйжалуу координациялоонун жоктугу саналат.

Санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү чогултуунун, эсепке алуунун жана талдоонун бирдиктүү системасын түзүү, бизнести текшерүүлөрдү аралыктан форматка өткөрүү, бюджеттик процессти жана эсепке алууну автоматташтыруу, санариптештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, республикада санариптик индустрияны тезинен өнүктүрүү, улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат: 

  1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун техникалык коштоо функциясын “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин.
  3. 2023-жылдын 1-июнунан тартып министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин иштеп жаткан орун басарларынын бирине негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналган санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчинин орун басарынын ыйгарым укуктары жүктөлсүн:

– маалыматтык системаларды жана ресурстарды, анын ичинде санариптик экономиканын алкагында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча документтерди, техникалык тапшырмаларды жана деталдуу финансылык эсептерди даярдоо бөлүгүндө кеңири киргизүүнү караган санариптик трансформациялоонун ведомстволук программаларын иштеп чыгуу жана өз убагында ишке ашыруу;

– ведомстволордун ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, ачык маалыматтарды жана башка маалыматтарды Интернет тармагында, анын ичинде ачык маалыматтар порталында жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү;

– ведомстволук санариптик инфраструктуранын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле электрондук маалыматтарды жана документтерди коргоо.

  1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине төмөнкү уюмдардын мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишин координациялоо функциялары берилсин:

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси;

– “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемеси;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасы;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар боюнча мекемеси;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси;

– Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн;

– 2023-жылдын 1-декабрына чейин бизнес-коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттердин катышуусу менен “Санариптик Кыргызстан 2024–2030” стратегиясын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.