
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында үзгүлтүксүз жүргүзүп келген рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 даана үйлөмө кайык, 88 даана “чабак”, 12 даана “форель”, 6 даана “судак”, жана 28 даана “сига” балыктары табылып алынган.
Атай кетсек, аталган фактылар Түп районунун Кудургу айылынын аймагында, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө, Тамга жана Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылдарынын көл жээктеринен аныкталган.
Аталган фактылар Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз улоо жана олжолоо) беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон.


