
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Ташкентте өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Ал 57 кг салмакта күч сынашууда. Бүгүн, 10-майда Сейитбек уулу жарым финалга өтүү үчүн тажикстандык Асрор Вахидов менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгы менен жеңиш кыргызстандык боксчуга берилди.
12-майда ал финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Абдумалик Халоков менен таймашат.