Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилген жок

Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилип, жарандар жана автоунаалар текшерүүгө алынаары боюнча жалган маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Урматтуу жарандар Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө.

Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында гана уюштурулуп, жарандарга эч кандай чектөөлөр коюлган жок.

Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз. Мыйзамдарды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт”,- деп айтылат билдирүүдө.

Милиция жарандардан такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарда таратуудан жана бөлүшүүдөн этият болууга чакырат.

zhalal Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилген жок