Бомба тууралуу билдирүүлөр орус жана украин аккаунттарынан жөнөтүлгөн

Бомба тууралуу билдирүү бир күн мурун окуу мекемелеринде, Жогорку сот сыяктуу 52 мекеменин электрондук почтасына келген. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркинбек Аширходжаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, маалыматтын бири дагы тастыкталган жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Айбек Шаменов азырынча жалган билдирүүлөр келген электрондук каттардын ээлерин табуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

«Аккаунттар Украина менен Россиянын аймактарында катталган. Биз өнөктөш каналдар аркылуу текшеребиз. Алар бир жолу колдонулуучу электрондук почтаны колдонушкан», — деди Айбек Шаменов.

Белгилей кетсек, бир күн мурун №67, 90, 63, 51 жана 17 мектептерде, БААУ лицейинде, КРСУнун юридика факультетинде, КМТУда жана КР Жогорку сотунда жардыруулар тууралуу билдирүүлөр түшкөн.