Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үй өрттөнүп кетти

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү-Ала-Арча айылынын Киргизия көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 18:33тө Свердлов райондук №2 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 18:48де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт кырсыгы саат 19:11де чектелип, саат 20:38де толук өчүрүлдү. Тилсиз жоо кучагына алган жалпы аянт – 150 чарчы метрди түздү. Аталган кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

340331718 978958756807008 8877732601357396921 n Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үй өрттөнүп кетти