
Мадина Муратбекова Уфа шаарында өткөн Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты.
Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Башкыр мамлекетинин Уфа шаарындагы «Торатау» конгресс-холлунда сулуулар сынагынын тандоо туру болуп өттү.
«Мисс Шериктештик» республикалык этникалык сулуулар жана таланттар конкурсуна жалпы 18 катышуучу катышып, алардын ичинен 7 финалист тандалып алынган.
Алдыда Мадинаны 21-апрель күнү болуучу финал күтүп жатат.

