
Велосезондун ачылышына байланыштуу көчөлөрдүн айрым жерлери жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде саат 8:50дөн тарта Ала-Тоо аянтынан Чүй проспектисин бойлой Панфилов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жана Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багына чейин көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат.
Катышуучулар Ала-Тоо аянтынан саат 9:00дө баштап, Д.Асанов атындагы сейил багында 10:30да жыйынтыкташат.
Эске салсак, иш-чараны борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен Megacom компаниясы, «Велоfriends позитив KG” ачык коому уюштурууда.
Мэрия калаанын тургундары жана конокторунан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, маршрутуңузду алдын ала пландаштырып алууңуздарды суранган.