Некрасов көчөсү менен кесилишкен Лев Толстой көчөсү кайрадан жабылды

Некрасов көчөсү менен кесилишкен Л.Толстой көчөсү жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул жерге канализациялык коллектор тартылууда. Бул курулуш үчүн зарыл чара болуп саналат.

“Бишкексууканал” ЖКК айдоочулардан маршрутту алдын ала пландап алууну суранат жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.