24-март – кургак учук менен күрөшүү күнү
Кургак учук – эң байыркы дарттардын бири. Египетте эки миң жыл болгон мумияны табышканда, анын сөөктөрүнөн кургак учукка кабылып каза болгондугун илимпоздор изилдеп чыгышкан. Ошондой эле башка дагы табылган фараондордун калдыктарынан кургак учуктун белгилерин алардын сөөктөрүнүн кыйшаюусунан таап чыгышкан. Муну менен бирге эле, Гиппократтын эмгектеринен кургак учуктун сүрөттөмөлөрүн тапса болот. Ошондой эле башка дагы ошол кездеги Египеттин, Кытайдын, Индиянын, Грециянын доктурларынын эмгектеринен кездештирсек болот.
Эң алгачкы кургак учукка вакцина 1921-жылы адамдарга колдонула баштаган. Жыл сайын аталган вакцинаны 100 миллион наристе алат. Бирок, ар кандай себептер менен андан баш тарткандар да бар. Алардын басымдуу бөлүгү диний көз карашта экени белгилүү.
Кургак учукту өпкөнүн жабыркоосу менен мүнөздөшөт. Бирок, бул оору бардык денени жабыркатат. Бир эле чач менен тырмак ошол бойдон кала берет. Коомчулукта мурдатан эле бул ооруну “чахотка” деп атап келишкен. Ал эми Россияда “туберкулез”, “белая чума”, “злая сухота”, “гербовая болезнь” деп атап келишкен.
Байыркы Персияда кургак учук менен ооруп калгандарды өзүнчө бөлүп коюшчу, ал эми Индияда бул ооруга чалдыккандар турмуш кура алышчу эмес.
Нуржамал, – Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын тургуну. Каарманым кургак учуктун жабык түрүнө кабылган. Алгач катуу жөтөлүп, арыктап кеткенин айтат. Буга чейин да арыктап, иммунитети түшүп кетип, бир жумуш жасап жатып бат эле чарчап калчу.
“Мен бул ооруга чалдыккандан тартып, кайын-журтум мени башка жерге бөлүп коюшкан. Ооруй электе баары жакшы, сылык мамиле жасашчу. Эгер меники ачык формадагы кургак учук болсо, такыр эле ажырашып кетмек окшоймун. Тамакты да өзүнчө отуруп жалгыз жейм. Кимдин ким экенин ооруп калганда билет экенсиң. Азыр минтип бирөө менен сүйлөшкөнгө да зармын”, – дейт кейип ал.
Дагы бир атын атагысы келбеген каарманым Ш.М беш жыл мурун абактан эркиндикке чыккан. Анын айтымында кургак учукту ар бир адам жеңсе болот.
“Мен бул дартты абактан жуктуруп алдым. Бирок, эркиндикке чыгып, дарыланып, күндө эрте туруп, жашоомду сергек алып жүрдүм. Ал учурда үйүм да жок болчу. Эптеп карызга туугандардан акча алып, алгач жер иштеттим. Тилекке каршы, майнап чыккан жок. Мурда соода кылып жүргөн жаным, кайра эле ошол чөйрөнү алып кетүүнү туура көрдүм. Бишкектеги болгон иш-чараларга барып ар кандай майда-чүйдө саттым. Дордой базарынан шарларды алып үйлөп саттым. Ошол да жардам бердиби, айтор, кургак учуктан кутулдум. Учурда дагы өзүмө көп көңүл бурам, ар дайым Ысык-Көлгө барып эс алам. Үйлүү-жайлуу болдум, жубайым балдарым менен ар кайсы жакка тентип кетишкен, аларды бириктирип, келин алып, кыз узаттым. Ушул күндө менде баары жакшы”, – дейт кургак учукту жеңген Бишкектин тургуну.
Кургак учук – жугуштуу оору. Көбүнчө ал какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Бардык микробдордон айырмаланып, анын сакталуу касиети күчтүү. Ал жерде дагы, карда дагы сакталып кала берет, ал тургай спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу. Микроб кир жерде, нымдуу үйдө бир нече ай кармалып турат. Үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок болот.
Кургак учук жана кош бойлуулук
Кургак учукту жуктуруп алган кош бойлуу аялдардагы түйүлдүктү жана эненин ден соолугун сактап алууга болот. Бул үчүн ага кабылгандар пульмонолог, фтизиатр жана башка тийиштүү адистерге кайрылса болот.
Эмчектеги балага оорулуу энесинен (ал баланы өөп, өзү менен чогуу төшөккө алып жатып, бет аарчы же сүлгүсү менен баланын мурдун, шилекейин аарчыганда) жугат. Ошондуктан оорулуу атайын түкүргүч пайдаланып, өзүнчө идиш, сүлгү, тиш щётка, төшөнчү, шейшеп жана башкалар колдонуусу зарыл. Сүйлөшүп жатканда оорулуу соо адамдан алысыраак туруп, ал эми жөтөлүп же чүчкүргөндө оозу-мурдун бет аарчысы менен жаба коюшу керек.
Кош бойлуулар ооруну ар тараптан текшертип, алардын үй-бүлөсү да, күйөөсү рентген-экспертизадан өтүүсү зарыл. Мындай иш-чаралар, негизинен кургак учукту алдын алуу болуп саналат. Айрым адамдар кургак учукту жугузуп алып, билбей жүрө бериши мүмкүн, аныкы ачык түрү болсо, жанындагыларга жугуу коркунучу жогору. Ошондуктан дагы башкаларга жайылтпоо максатында ар бир адам өзүнүн ден соолугуна тыкыр мамиле жасашы керек. Аталган ооруну кан аркылуу да аныктоо мүмкүн эмес. Эгер көз жара турган айым бул дартка чалдыгып, эч кандай чара колдонбосо, боюнан түшүү коркунучу жогору, ошондой эле бала өлүү төрөлүп калуусу ыктымал, – дейт Бишкектеги №8 көп тармактуу бейтапкананын гинеколог-акушери Анара Шаршеева.
Кош бойлууларга доктурлар атайын дарыларды жазып беришет. Дарылар тон аркылуу өтүп, түйүлдүккө терс таасирин тийгизбейт.
Болочок энелерге дартка кабылган учурунда кургак учукту дарылоо:
– “Дапсон”
– “INH”
– “Этамбутол”, – деген аталыштагы дарылар көбүнчө жазылып берилет.
Бул дары-дармектер кош бойлуу аялдар үчүн коопсуз болуп саналат, алар белгилүү эл аралык лабораториялардын тарабынан текшерилген. Аны менен бирге аларга толук дарылоочу таасирин толуктоо үчүн B6 витамини дагы жазылып берилет.
Бишкектеги №4 Поликлиникасынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врач-фтизиатры Манапова Дамира кургак учук менен ооруган адамды дарылап, айыктырса боло экендигин айтты:
“Кош бойлуулардан кургак учук – балага жукпайт!”
–Кош бойлууларга кургак учук жукса эмне кылуусу керек?
- – Албетте, анализдерди толук тапшырып, экспертизадан өтүү абзел. 2019-жылы коронавирус инфекциясы чыккандан тартып, туберкулез унутта калып калган. Учурда туберкулез менен ооругандардын саны кайрадан жогорулоодо. Азыр менде каттоодо 14 жашка чейинки 7 бала турат. Кургак учук – дарылоону көп талап кылган дарт. Муну өз учурунда дарылоо керек. Ал эми биз бул ооруну алдын алуу максатында, көбүнчө болочок энелер эгер ооруп калса, боюнда болбоо керектигин айтабыз. Ал эми кош бойлуулар чалдыккан болсо, алдын алуу чараларын көрөбүз. Аларга атайын препараттарды ичүү сунушун беребиз. “Депал”, “Миномиум”, деген сыяктуу дарыларды такай алып туруулары зарыл. Ошондой эле, алардагы туберкулездун стадиялары аныкталат. Эгерде оору өпкөнү көбүрөөк жабыркатса, анда татаал ыкмалар колдонулат.
- -Сиз 32 жылдан бери врач-фтизиатр болуп иштеп келесиз. Ушул аз эмес аралык ичинде кандай урунттуу учурларды айтып бере аласыз?
- -Жакшы суроо. Ооба, бул жылдар аралыгында көп нерсе болду. Эң эле эсимде калганы “кулактын туберкулезу” болду. Сиз таң калышыңыз мүмкүн, бирок ушундай да учурлар кездешет экен. Бул оору тастыкталып, ал бейтап толугу менен айыкты. Андан башка менин практикамда эки адам абдан оор абалда, акыркы стадиясында келип, экөө тең толук дарыланып, бул оорудан алысташты.
- – Көбүнчө кургак учукка кимдер кабылышат?
- -Мигранттар, толук кандуу тамактанбаган, оор социалдык абалда жашаган адамдар, абактарда өз мөөнөтүн өтөп жаткандар кабылышат. Бир эле мисал, Москвадан таякеси биринчи жуктурган, андан кийин энеси болуп балдарына да жуккан. Мендеги учетто тургандардын көпчүлүгү мигранттар, алардын жакындары.
- –Бул ооруну кандай жол менен дарылоо керек?
- -Ооруну алгач рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктап врач дарылайт. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Дарылоодон жакшы болбогондорго хирургиялык жол сунуш кылынат. Аны аягына чыга дарылабаса ал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан кургак учукту дарылоо ар дайым диспансер аркылуу көзөмөлдө болуп, мекемелерде, ишканаларда болсо медициналык кызматкерлердин кароосунда турат. Кургак учук дартын табууда ар дайым эле рентгендик изилдөө колдонула бербейт. 12 жашка чейинки балдарды флюорографиялык изилдөөгө болбойт. Ошондуктан 12 жашка чейинки балдарда жана өспүрүмдөрдө кургак учук туберкулин менен изилденет. Биздин өлкөдө кургак учуктун алдын алуу үчүн атайын эмдөө (БЦЖ деп аталган) жүргүзүлөт.
- Оорулуу барыдан мурда гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада көп болушу зарыл. Анын тамагында жаныбар белогу (эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка) жетиштүү болууга тийиш. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаны (помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүм жана башкалар) чийки жеп же ширесин ичүү пайдалуу. Мындан тышкары А, В1, В2, В6, С витаминдерин, ал эми тери кургак учугунда Д витаминин да алуу керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулуу дарыланууну үзгүлтүккө учуратпоого, ичкилик ичпөөгө жана тамеки тартпоого тийиш. Кургак учуктун алдын алуу үчүн барыдан мурда микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгерде оорулуунун жеке бөлмөсү болбосо, өзүнчө керебетке башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн 1,5—2 м алыс жаткырып же көшөгө тартып бөлүп коюу керек. Оорулууга төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк бөлүп, аларды өзүнчө жууп-тазалап, бөлөк сактайт. Бөлмөнү ным (самын-соода ээритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийим, шейшеп, сүлгү, идиш-аягы 2%түү сода эритмесине кайнатылып жугушсуздандырылат. Дезинфекциялоо үчүн 5%түү хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем жана башкалар ашык буюмдарды чыгарып, жууп тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак мебелге тыш кийгизилет. Оорулуу какырыгын 5%түү хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүрөт. Какырыктуу түкүрүгүчтү атайын идишке салып 15 мин. 2%түү кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек.
Көпчүлүк учурда кургак учук менен ооруган кош бойлуулар эрте көз жарат. Ымыркайлар алсыз болуп төрөлөт. Борбор калаадагы №2 төрөтканада пандемия маалында кургак учук менен көз жарган Жазира айым өзүнүн башынан өткөргөндөрү менен бөлүштү:
-Мен бул ооруга кантип чалдыкканымды да билбейм. Боюмда барда эч нерсеге табитим жок, иммунитетим түшүп кеткен. Ошондон уламды ар кандай ооруга бат кабылып жаттым. Башында сасык тумоо болуп оорудум. Коронавирус оорусу да мени айланып өткөн жок. Ага кошул-ташыл болуп туберкулез да жармашты. Чындыгында оор эле болду, ары барып эле келдим. Үнүм Кудайга жетти, бирок өзүмдү колго алып, башка дагы үйдө калган үч баламды ким карайт деп өзүмө суроо берип жаттым. Мурда бул оору мага жолобойт деп ойлочумун. Көрсө, бул жашоодон баарын күтсө болот экен. Эч нерседен кепилдик жок. Бир гана ошол Кудайга жалынып жаттым. Азыр кызымдын ден соолугу жакшы, сегиз айлык болуп, бирок жүрөгүндө тешиги бар болуп төрөлдү. Өзүм такай дары ичип калдым, – дейт төрт баланын энеси Жазира.
Кургак учук адатта, кош бойлуу учурдун I чейрегинен таасир тийгизет.
Тобокел тобу боюнча алгачкы 6 ай төрөттөн кийинки аялдар болуп саналат. Бул мезгил аралыгында эмчек эмизүүнү токтотпоо зарыл.
Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүзаарчы, кийим-кече ж. б.) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат.
Эмне үчүн айрым адамдардагы кургак учук башкаларда жоктугун дайыма эле түшүндүрө албайбыз. Бирок айрым адамдар башкаларга караганда кургак учук менен ооруп калуу коркунучуна кабылышат. Коркунуч фактору оорунун өнүгүү деңгээлин жогорулатат. Кургак учук оорусунда төмөндөгү симптомдор байкалат: жөтөлдүн күчөшү, токтобошу, кетпеши, дем алуунун кысылуусу, демигүүсү, көкүрөктүн дайыма ооруусу, жөтөлгөндө кандын пайда болуусу, үндүн кыркырап калышы, өпкөнүн жугуштуу ооруусу (мисалы, пневмония), дайыма чарчап-чаалыгуусу, салмагынын азайышы (арыкташы). Бул симптомдор көбүнчө кургак учукка тиешелүү, ал эми ден соолуктун башка проблемалары аларды пайда кылышы мүмкүн. Бирок ар бир адам алардын себебин билүү үчүн, мындай симптомдор байкалганда врачка кайрылууга тийиш жана зарылдыгына жараша дарылоону эрте баштоосу абзел.
ВИЧ сыяктуу иммундук системаны начарлаткан шарттарда жашаган адамдар кургак учуктун активдүү учурун өнүктүрүү коркунучу жогору.
Изилдөөлөрдүн биринде ВИЧ-инфекциясы бар аялдар кургак учукка эки эсе көп чалдыгышы мүмкүн (1-11% таралышы, 0.06-0.53%)
Кош бойлуулукка байланыштуу иммунологиялык өзгөрүүлөр болочок энелерди жаңы же жашыруун улануучу туберкулез инфекцияларына көбүрөөк алсыз кылып коюшу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде кургак учуктун диагностикасы акушерлердин жана медициналык кызматкерлердин жогорку деңгээлдеги клиникалык маалымдуулугун талап кылат.
Жакшыраак отчеттуулук жана мониторинг кош бойлуулук учурунда кургак учук жана ВИЧ менен байланышкан оорулардын жүгүн баалоону жакшыртат жана мамлекеттик жана мекеменин көрсөтмөлөрүн маалымдайт.
Бул, өз кезегинде, учурда системада аныкталбаган учурларды табууга жардам берет, ошентип, энелер жана алардын ымыркайлары үчүн саламаттыкты сактоонун натыйжаларын жакшыртат.
Кургак учук жана ВИЧ энелерди да, ымыркайларды да тынчсыздандырат, анткени ВИЧ жана кургак учук кош бойлуу кезде, эмчек эмизүү учурунда энеден балага жугушу мүмкүн.
Былтыр Бишкектеги №33 мектептин мугалими кургак учук менен ооруганы аныкталган. Бул нерсеге эмнеден кабар берет? Албетте, эч ким эч нерседен сактана албайт. Ал эми коомчулук менен тыгыз байланышта болгон адамдар да бул ооруну жуктуруп алуусу толук мүмкүн.
Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунан билдиришкендей, бейтап профилактикалык текшерүү учурунда аныкталган. Ал 14-ноябрда №1 Үй-бүлөлүк борборунуна кайрылып, какырыктын микроскопиясына жиберилген.
Ал эми 15-ноябрь күнү фтизиатрда өпкө кургак учугу диагнозу менен каттоого алынган (дарылоо амбулатордук шартта жүргүзүлгөн).
«Бишкек шаарынын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык иликтөө жүргүздү. Мугалимдер медициналык кароодон өтпөстөн (көкүрөк рентгени жок) жумушка алынганы айтылды. Мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, байланышта болгон балдар (163 бала) медициналык кароодон өткөрүлгөн. Манту сынамасы, мектеп окуучулары жалпы кан жана заара анализин тапшырышканда, алардан бул оору табылган эмес», — деп билдирди министрлик.
Буга окшогон учурлар абдан көп. Албетте, тамактануучу жайлар, коомдук транспорт, медициналык мекемелер, окуу жайлар кургак учукту жуктуруп албоо кепилдигин толук бербейт. Биз адамбыз, бул оору бат эле жугуп калышы мүмкүн, ошондуктан өзүбөзгө такай кам көрүп, текшерүүдөн өтүп турушубуз зарыл!