Байсаловдун айдоочусуна 18 миң сом өлчөмүндө айып салынды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

Вulak.kg буга чейин Спорт Ордосунун жанында тротуар менен унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөргө жол бербей, айдап бара жаткан видео жарыялаган. Кийин ал унаанын номерлери да башка болуп чыккан.

Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын кызматкерлери тарабынан, 2023-жылдын 2-март күнү Тоголок Молдо көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр жүргөн жол менен жүрүп бараткан кара түстөгү мамлекеттик белгиси 01KG004AC, «Ford Mondeo» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү) 188-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана (Транспорт каражатын жалган же стандарттуу эмес (жасалма) мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу) 449-беренесине ылайык 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө укук бузуу протоколдору толтурулып, жалпы суммасы 18 миң сом өлчөмүндө айып салынды.