“Хизбут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды

УКМК “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маалымат берди. 

“КР УКМК тарабынан тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында,“Хизбут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды, анын мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келишкен”, – деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “С.Т.”, “М.Г.” жана “М.Н.”камакка алынып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.