Даниель Ажиев аттуу жарандын апасынын туулган күнүндө КР эмгек сиңирген артисттери Динара Акулова, Нурлан Насип жана Гүлжигит Калыков төрт кишинин астында ырдашты. Бул тууралуу журналист Баяна Кулова социалдык тармактын колдонуучусу баракчасына жазды.
«Маданият министрлиги, кабарыңар барбы?
Наамдарынан ажыраткыла!! Акча берсе жакында лөлү болуп кетесиңерби эмне!!!
Динара Акулова, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыковдор акча үчүн эки адам отурган жерде да ырдай беришеби? Кыргыздын кыздарын вебкам сойкулукка үндөп онлайн проституция менен иштетип акча тапкан Даниель Ажиев деген бар. Далай жаш кыздардын тагдырына балта чаап, бактысын байлады. Акчага азгырылган жаш кыздар мунун студиясына барып камера алдында чечинип алып чет өлкөлүк эркектерге болгон уяттуу жерин көрсөтүп бейкылык болушат. Башкача айтканда сойкулук менен онлайн алектенишет. Алардын үстүнөн акча таап болушунча чартаңбай тепкен Ажиев наркотикалык заттарды чеккени да буга чейин социалдык тармактарга тараган. Ошол жигит кечээ апасынын туулган күнүн өзүнүн үй-бүлөсү менен белгилептир. Апасы, аялы, балдары болуп отурган кафеге, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Динара Акулова Гүлжигит Калыков жана Нурлан Насиптер келип ырдаган. Эмгек сиңирген артисттер акча үчүн төрт кишинин алдына барып деле ырдай береби? Ырдасын мейли, моралдык жагын ойлондуңарбы? Эл берген, мамлекеттен ыйгарылган наамыңарды сыйлабайсыңарбы жок дегенде!!
Чыгармачылыкка болгон сый кайда калды? Тойлордо го ырдап жүрүшөт, ал жерде эки жүз-үч жүз киши болот. А булар төрт адамдын алдына барып ырдаганы уят эмеспи. Артисттер акча үчүн баарына даяр деп айтылган кептерди ушинтип далилдеп жатышканына жаның кашаят.
Сойкулардан топтолгон акчаны үйүңөргө бала чакаңарга, ата-энеңерге кантип алып бардыңар? Тамагыңардан кантип өттү? Моралдык жактан ушунча бузулуп, Ажиевден айрымаңар калбай калган го?»,-деп сындады Кулова.
сын-пикирин дагы бир социалдык тармактын колдонуучусу Миржан Балыбаев да жазды.
«Мораль жагынан алганда, азыркы чоң байларыбыздын бир тобун уятсыз десе болоттур. Бирок, мораль жагынан гана. Мыйзам жагынан кынтык табуу кыйын. Табылса деле — «жебеген жердин астында» деп коебуз. Негизи эле, баштапкы капиталды топтоо мезгилинде мораль, ар-намыс, уят сыяктуу майда-чүйдөгө эч ким деле маани бербейт.
Ошентсе дагы, атагы таш жарган коррупционерлер менен ууруларыбыз бир аз дагы болсо актанып, мынча байлыкка кантип ээ болуп калганынын мыйзамдуу «легендасын» ойлоп таап, актанууга аракет кылышат го.
Ал эми, кыргыздын тунгуч порномагнаты антип актангысы дагы келбейт. Тескерисинче, аны сындагандаргы түз эфирде ашата сөгүп, мазактап, колуңардан эч нерсе келбейт деп каалаганын кылып жатат. Чынында эле, ага эч кимдин алы жетпейт окшойт. Жарымынан көбү намаз окуп, орозо кармаган «кызылдардан» дагы, «каралардан» дагы коркпосо, КР Кылмыш кодекси ал үчүн даарат кагазы болуп калса керек. Мурдагы Президенттин учурунда анын кудасын ашата сөгүп жатса чынында эле ага каршы чыгууга эч ким даабайт окшойт. Анын үстүнө, кыргыз порнобизнесинин негиздөөчүсү интернет айдыңында эчак эле легалдашып, легитимдешип алгандай. Анын жашоо образына суктангандар, тагдыры сынган жүздөгөн кыздарды веб-кам модель болууга аларды эч ким мажбурлабаганын айтып, алардын кожоюнун актап жатышат. Көздү уялткан байлыгы тартылган сүрөттөрдүн астында: «иншалла, бизге дагы ушул буйрусун» деген комментарийлер.
Эгер өз душманыңды жеңе албасаң, анда аны өзүңө шериктеш кылып ал дешет.
Жогорку Кеңеш КР Кылмыштар жана жоруктар кодексине тезинен өзгөртүү киргизип, «порнографиялык материалдарды жасап чыгаруу, жайылтуу, сатуу» деген беренени жок кылып, порноиндустрияны мыйзамдаштырсын.
«КыргызПорно» деген мамлекеттик холдинг түзүп, анын башчылыгына Даниел Ажиевди дайындоо керек. Ал мамлекеттен бир дагы тыйын сурабайт. Тескерисинче, киреше алып келе баштайт. «Төө чечмей», кыздардын аялдыкка жарап калагын аныктаган «тебетей менен урмай», «карга заара ушатмай» деген нерселерден нукура улуттук шоу жасаса, туристтер Таиландды унутуп, Кыргызстандын чек арасында кезекке туруп тизилип калышат.
Төө чечмей боюнча айыл өкмөтүнөн баштап, республикалык деңгээлге чейин сынактарды өткөрүп, жеңүүчүлөргө таажы кийгизип, аны Даниел Ажиев вертолетко салып алып келип Ала-Тоо аянтына конушса…
Эмнеге болбосун!? Анысыз деле абийирин саткан кыздар жалгыз Ажиевди эле байыта бербей, мамлекетибизге дагы пайда алып келишсин. Эгер дүйнө коомчулугу нааразы боло баштаса — бул биздин улуттук наркыбыз, каада-салтыбыз, деп, керек болсо «төө чечмейди» ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүүнү талап кылсак болот.
Салыштыра келсек, Даниел Ажиевдин бизнеси ыпылас болгону менен, ал башка «финанасы генийлеринен» айрымаланып мамлекеттен бир дагы тыйын уурдаган эмес, бардык байлыгын өзү тапкан»,-дейт Балыбаев.
Эске салсак, буга чейин Ажиев тик учакты ижарага алып, саатына 2300 АКШ долларын төлөгөн.