
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 45 миң 89 адамга жетти.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган.
20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен чектешкен аймагында жер титирөө болгон.
27-февралда Түркиянын Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда жер силкинген.