Бүгүн, 21-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,5 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун жана техникалык гранттык келишимдин долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Сунушталган долбоорду транспорт жана коммуникация министринин орун басары Акуналы Досалиев тааныштырган. Ал белгилегендей, долбоор жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүүгө, тактап айтканда Суусамыр — Талас — Тараз жолун жакшыртууга багытталган. Долбоордун жалпы баасы 105,2 млн долларды түзөт. Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун курамында 25 жылдык мөөнөт менен, анын ичинде 7 жылдык жеңилдетилген тартипте 50 млн доллар өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берет.
Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов документти бекитүү стадиясында турганда айрым чыгашаларга тиешелүү беренелерин кароого чакырып, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн 15,7 млн долларлык чыгымдарды кыскартуу зарыл экендигине көңүл бурду.
Депутат Бактыбек Чойбеков Ислам өнүктүрүү банкынан 200 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам бөлүү шарттарына кызыгып, 1,5%дык үстөк пайызы жогору экенин кошумчалады. Өз кезегинде каржы министринин орун басары Руслан Татиков кызмат көрсөтүү үчүн төлөм кредиттин суммасынын жылдык 1,5%ынан ашпай тургандыгын белгиледи.
Андан тышкары, депутат Исхак Масалиев 105,2 млн долларлык макулдашуунун бирдиктүү долбоору эмне үчүн комитеттин кароосуна жиберилбей жатканын сурап, жолдорду оңдоого башка эл аралык фонддор да катыша тургандыгын жүйө келтирди.
Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, алгач макулдашуулар өз өзүнчө киргизилип, ратификацияга бирдиктүү документ берилет.
«Ага ылайык, алгач Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоорун жактырууну суранып жатабыз», — деди ал.
Ошондой эле, талкуу маалында комитет төрагасы Мурадил Сыдыков менен депутат Тазабек Икрамов долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компанияларды тартуу маселесин көтөрүштү.