Жапырт кармалгандардын бөгөт чарасын кароо кечикти

Бүгүн, 14-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралмак.

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиевдин айтымында, жактоочуларга жараяндын убакыт, сааты так айтылган эмес.

«Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын камактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу маалыматты бүгүн, 14-февралда гана айтышты. Иш жашыруун деген макам алдында карала тургандыктан жактоочуларга дагы убакыт, саатын айтпай жатышат»,-деди Турдалиев

Ошондой эле кармалгандардын жакындары менен үй — бүлөлөрүнө дагы отурум тууралуу маалымат берилбегени кошумчаланды.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, айрымдары үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.