Жарым жылда 11 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алды

6215182 07.04.2020 Мигранты у здания УФМС в Калининграде. Михаил Голенков / РИА Новости

2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында дээрлик 10 632 киши кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта жазылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.