Өкмөт быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курууну пландоодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды.

Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, үстүбүздөгү жылы 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, ал 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгилеп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды.

700x467x63d8816932b38 thumb.jpg.pagespeed.ic . WRmgtvVoi Өкмөт быйыл 50гө жакын чакан ГЭС курууну пландоодо