Хорватиянын борборунда өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешине кыргызстандык эки балбан кыз катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
Мелдеш 1-5-февраль күндөрү өтүп, анда Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Айпери Медет кызы (76 кг) күчүн сынайт.
Турнирге Кыргызстандан башка спортчулар катышпайт.