Убактылуу жылынуучу жайлар жабылды

Бишкектеги жылытуу пункттары аба ырайынын жылышынан улам жабылууда. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалым болгондой, борбордо 12 чатыр тигилген. Аталган пункттар ачылган күндөн тартып жалпы 6 миң 294 жаран кайрылган.

Райондор боюнча алганда:

Свердлов районунун жылуулук түйүндөрүнө 2 783 адам;
Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1 104 адам;
Ленин районунун жылуулук пункттарына 1 706 адам;
Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

palatka 768x425 1 Убактылуу жылынуучу жайлар жабылды