Акылбек Жапаров ОШМУнун ардактуу профессору болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) барды.

Анда ага университеттин мүмкүнчүлүктөрү, университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.

Көп тармактуу клиникалык ооруканада 60тан ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95 пайызы – ОшМУ бүтүрүүчүлөрү.

Соңунда Акылбек Жапаровго ОшМУ ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

zhap ak Акылбек Жапаров ОШМУнун ардактуу профессору болду