Студент кызды өлтүрө сүзүп качып кеткен шектүү эмне үчүн үй камагына чыкты?

Депутат Жанар Акаев («Альянс») бүгүн, 17-январда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында студент Айза Улан кызын автоунаасы менен сүзүп өлтүргөн адамды бошотуу боюнча Свердлов райондук сотунун чечимине нааразылыгын билдирди.

«Урматтуу Жогорку Соттун төрагасынын үч орун басары, кечээ 24 жаштагы Айза Улан кызы дегенди автоунаа уруп кетип каза болду. Аны сүзгөн киши качып кетип, төрт күндөн кйиин милиция кызматкерлери таап келишти. Бирок бир күн болбой Свердлов райондук соту бошотуп коюп, бүт интернетте ушул окуяга нааразылык айтылууда.

24 жаштагы чырактай кыз экен, Италиядан, Америкадан билим алыптыр, англисче суудай сүйлөгөн, учурда ИИМ академиясында окуп жаткан кыз болчу экен. Жолдон өтуп бараткан адамды сүзүп качып кеткенди видеокамералар аркылуу карап атып ИИМ кызматкерлери кармап келсе, бошоп чыгып кетти. Биз сиздердин ар бириңиздердин ишиңиздерге кийлигише албайбыз. Бирок ушуну жеке көзөмөлүңүздөргө алып коюңуздарчы өтүнүч», – деди Акаев.

Өз кезегинде, 17-январда Бишкек шаардык соту шектүүнү эмне үчүн бошоткону тууралуу маалымат берди. Шаардык соттон белгилешкендей, жактоочу тарап шектүүдө бөйрөктүн 5-стадиясындагы оорусу болуп, терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар экени, 2016-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде экендиги тууралуу медициналык документтерди берген.

«Аталган оорулар өтө оор деп эсептелип, аны менен ооруган шектүүлөр , айыпталуучулар камакта кармалып туруусуна өкмөттүн 2018-жылы 20-июнда бекиткен токтому жол бербейт»,-деп шаардык соттон билдиришти.

Буга байланыштуу Свердлов райондук соту сүзүп кеткен шектүүнү үй камагына чыгарганы кабарланат.

Белгилей кетсек, 9-январда 24 жаштагы Айза Улан кызы Республика көчөсүн өтүп баратканда Жибек Жолунан «Тойота» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан 1974-жылы туулган У.Н. аны сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ал милициядан үч күн жашынып жатканына карабай, видеокамералар аркылуу карап отуруп колго түшүрүлгөн.