Кыргызстандан 427 баш топоз Тажикстанга өтүп кеткен, – сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Тажикстанга Кыргызстандын тургундарынын 427 баш топозу өтүп кеткен.

2023-жылдын 12-январь күнү КР УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чек ара кызматынын чек арачыларына Кыргызстандын жарандары кайрылып, алар жайлоодо 427 баш топозу Тажикстанга өтүп кеткени айтышкан.

Аба ырайына байланыштуу чабандар топоздорду өз алдынча таап, издей алышкан эмес.

13-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, андан соң топоздор ээлерине кайтарылган.

photo 2023 01 13 16 38 31 2 Кыргызстандан 427 баш топоз Тажикстанга өтүп кеткен, - сүрөт
photo 2023 01 13 16 38 31 3 Кыргызстандан 427 баш топоз Тажикстанга өтүп кеткен, - сүрөт