Жогорку соттун төрагасына Жанар Акаев кайрылды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 27-декабрындагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган адамдардын иши боюнча Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылды.

Депутаттын айтымында, коомчулукта күндөн күнгө сот органдарына жана бийликке нааразычылыктар күчөп жатат.

“Өзүңүз мурда адвокат болгонсуз. Көптөгөн мыйзамсыз окуяларды көргөнсүз. Убагында азыркы президент Садыр Жапаровдун укугун коргогонсуз. Азыр сиз жактоочу болуп жүргөн убакыттан дагы кеминде беш эсе мыйзамсыз иштер болуп жатат. Бүгүнкү сотто активист Перизат Суранованы апасы менен көрүштүрбөй алып кетиптир. Мыйзам ошондой болсун, бирок, адамгерчилик болушу керек да. Гумандуулук кылып, эскертүү берип, бул ишти өзүңүз көзөмөлгө алышыңарды өтүнөм. Бийликке болгон нааразычылыктын бири сотко болгон ишенбөөчүлүк болууда”, — деди Жанарбек Акаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул боюнча аларга кайрылгандар көп болууда.

“Жөн гана жоктон бар кылып, иштин токулганы туура эмес. Жаш кыздарды Москвадан бери алып келип (Орозайым Нарматова — ред.) камашты. Алардын ачкачылык жарыялаганы, кудай сактасын, эгер кырсык болуп кетсе, президентке жана азыркы бийликке жабылган чоң көө болуп калат. Бизге көп кайрылуулар келип жатат. Эл арасында ушинтин нааразычылыктар жаралат. Азыр ошол процесс кетти. Ошон үчүн бул маселе сиздин колуңузда. Мыйзамдуулукту орнотуп, ушул маселени өзүңүз карап, жарандар чыгышы керек деген ойдомун. Жок дегенде үй камагына чыгарыш керек деп эсептейм”, — деди депутат.