
2022-жылдын октябрь айында Сокулук РИИБне арыз менен Ново-Павловка
айылынын тургуну 1969-жылы туулган О.К. аттуу жаран кайрылган, ал
арызында белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган, себеби октябрь
айынын башында үйүнө жашыруун түрдө киришип 2 даана “Самсунг”
үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана 80 000 сом акчасын уурдап кеткен
деп.
Аталган окуя Сокулук РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин
205-беренесинде көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши
козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Сокулук РИИБнин
кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш ишине шектүү катарында 2001-жылы
туулган Н.Э. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин
96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка
алынды.
Тергөө амалдары улантылууда.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы