Мэр Эмилбек Абдыкадыров эмне себептен ЖКнын жыйынына келбегин айтты

15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги абанын сапаты боюнча маселе каралып жатат. Депутат Айбек Алтынбеков Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдон эмне үчүн Жогорку Кеңештин кечээки жыйынына келбей калганын сурады.

Мэр сасык тумоого каршы дарыланып жатканын айтты.

“4-5 күндөн бери ооруп жатам. Кечээ футбол боюнча мелдештин ачылышына катыштым. Андан кийин тамчылатма (капельница) алдым”, – деди Абдыкадыров.

“Бизге сиздин ооруп жатканыңыз тууралуу айтышкан эмес. “Келбейм” деген гана орой жооп келди», – деди депутат Алтынбеков.

“Жок, менин позициям андай эмес. Бул шаар үчүн маанилүү маселе. Мен сиздерге ыраазымын. Мен сиздер менен иштешип, көйгөйлөрдү чогуу чечүүгө даярмын”, – деди мэр.

Сиздин айыңыздан кечээки жыйын бүгүнкүгө жылдырылды, – деди Айбек Алтынбеков мэрге.

“Мурда түтүн маселеси боюнча токтомдор кабыл алынган. Бирок бири да аткарылган жок. Сиз бул кызматка келгенге чейин түтүн көйгөйүн билгенсиз. Эң биринчи кезекте бул маселе чечилиши керек болчу”, – деди депутат.