
Бишкектин мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы мончо-ден соолукту чыңдоочу комлекс курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалым болгондой, аталган комплексти 179 млн 592,5 миң сомго куруу пландалууда.
Тендер 12-декабрда жарыяланып, арыздар 27-декабрга чейин кабыл алынат.
Аталган комплекс Жибек-Жолу проспектисинде жайгашат.
