Тогуз-Тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, эл менен милициянын ортосундагы байланыштуу жакшыртуу максатында көк бөрү жана ат чабыш оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ат оюндарына райондогу мыкты чабандестер катышып, улуттук оюндар даӊазаланды. Көк бөрүгө жалпы 15 команда катышып, 1-орунга кубок жана 20 миӊ сом, 2-орунга 15 миӊ сом, 3-орунга 10 миӊ сом байге коюлду. Ошондой эле кунан чабыш, тай чабыш, эр эӊиш, кыргыз күрөшү оюндары өткөрүлүп, акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды.

Оюндардын соӊунда жалпы келген жамаат милицияга тереӊ ыраазычылык билдиришти. Улуттук ат оюндарын даӊазалап, мал уурулуктарынын алдын алууга багытталган иш-чара мыкты уюштурулгандыгын айтышып, ак баталарын берип кайтышты.

Мындан сырткары Тогуз-Торо РИИБдин башчысы Муктар Атыканов башында туруп, райондогу жашы улуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген инсандары бар үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Тогуз-Торо районунун аймагында кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу иштери да тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Aeb88a1b f4f2 4d6b acb6 79b088dcabd2 тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
F1eec72c 56a9 4fb6 9ef1 6faa12d19584 тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
88ac02f6 d1af 4a36 96a0 8655b15aba7c тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
B92fc433 3e81 4629 af9f 340849736e7d тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
X325f66d9 59c7 43c4 b141 e28b1a0454d8. Jpg. Pagespeed. Ic. Hntaevspah тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
Xdb7cb356 f64e 459c a3c0 6460995c7a0b. Jpg. Pagespeed. Ic. Rccus 14me тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
Xf086d4e6 6e60 42be 9e61 68e2253828d1. Jpg. Pagespeed. Ic. Oqa8slhgis тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
68ae6f19 d84a 4c65 a953 b381c2ad4e41 тогуз-тородо көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды