
Кыргызстандан Азербайжанга 100 баш топоз жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда топоздордун саны 53,9 миң башты түзгөн.
- «2022-жылы Айыл чарба министрлиги тарабынан асыл тукум чарба статусун ыйгаруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоонун жана кайра аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча 5 топоз чарбасы өткөн, чарбаларда 1 миң 543 баш асыл тукум топоз катталган», — деп билдирет министрлик.