Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз

Бишкекте 9-декабрь күнү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Белгилей кетсек, соцтармак колдонуучуларды өлкөгө келген коноктор менен бирге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун бут кийими кызыктырды. Алардын божомолунда өлкө башчы бүткүл дүйнөгө белгилүү  Christian Louboutin брендинен туфли кийип жүрдү.

image 19 3 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз
photo 5231249400817370508 x 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз

Bulak.kg редакциясы саммиттеги президенттин бир нече сүрөтүн карап чыгып, өлкө башчы “лабутен” брендин кийип жүрөт деген кептерди текшерди. Биз аталган бренддин бут кийимин карап бир нече окшоштуктарды таптык.

1. Таманы

podoshva2 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз
image 17 3 300x300 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз

Өлкө башчынын сүрөтүнөн байкасак анын бут кийиминин таманы кызыл түстө. Бул түс аталган брендди башкалардан айырмалап турган белги катары белгилүү.

2. Боосу

shnury2 1200x1060 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз
image 17 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз

Биз анык көрүп тургандай, эки сүрөттөгү бут кийимдердин боолору да бири-бирине төп келет.

3. Тигишинин формасы жана сызыгы

strelka 1200x642 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз
forma 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз

Туфлинин формасы жана тигиш сызыгы дал келип турганын көрсөк болот.

Ошондой эле, Christian Louboutin брендинин сайтында ушундай бут кийимдин баасы 945 АКШ долларын түзөрү жазылган.

wtyf 1200x675 1 Президенттин бут кийими 1 миң доллар турабы? Текшеребиз

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы бир нече жолу эл алдына кымбат баадагы кийимдери менен чыккан. Маселен, базардагы сатуучулар менен болгон жолугушууда ал италиялык Stefano Ricci брендинин 6 миң долларлык күрмөсүн кийип жүргөн болсо, Борбордук Азия мамлекеттеринин өлкө башчылары менен болгон жолугушууда ушул эле бренддин спорттук костюмун кийип жүргөн.

Журналисттер ал кийими 230 миң рубль турарын аныктап чыгышкан. Ал эми желек күнүн майрамдоодо президент жамгырдан коргой турган күрмө менен чыккан. Ал SR брендинин продукциясы экени аныкталып, баасы 4 миң АКШ долларын түзөрү белгиленген.

Андан сырткары соцтармакта президент менен жубайынын лыжа тепкени чыкканда кийген тоо курткалары талкууланып, баасы 105 миң сомдон ашары айтылган. Ал эми 2022-жылдын октябрында журналисттер Жапаровдун гардеробундагы эң кымбат күрмөсүн аныкташкан, анын баасы 15 миң АКШ долларын түзөрү белгиленген.

 Жыйынтык: Чын. Президенттин бут кийиминин дал ошондой көчүрмөсүнүн баасы,  Christian Louboutin брендинин расмий сайтында 945 АКШ долларын түзөт.